БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкекте жугуштуу илдеттер ооруканасынын балдарды дарылаган жаңы имараты ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, үч кабаттуу жаңы бөлүмдө изоляцияланган жана жарым изоляцияланган бөлмөлөр, желдетүү жана абаны чыпкалоо системалары орнотулуп, бейтаптарга жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
"Бул жерде бейтаптар тез арада изоляцияланып, инфекциянын негизги булактары аныкталып, алардын жайылышына бөгөт коюлат. Оорукананын маанилүүлүгүн COVID-19 пандемиясы учурунда, оорукана эң оор оорулууларды кабыл алып, бүткүл системанын ишин координациялаганда баарыбыз көрдүк", — деп белгилеген Касымалиев.
Ошондой эле оорукананын айланасы көрктөндүрүлүп, диагностикалык жана дарылоонун заманбап технологиялары ишке киргизилгени айтылды.