БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ушул жылдын 14-19-октябрь күндөрү Тажикстанда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскер күчтөрүнүн "Бузулгус боордоштук" жана "Барьер" аталышындагы машыгуулары өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка караганда, аскердик түзүмдөрдүн өздүк курамы жана жүгү авиация, автомобиль транспорту менен иш-чара өтө турган аймакка жеткирилүүдө. Тажикстандын "Фахрабад" полигонундагы машыгууларда ЖККУнун аскер күчтөрү менен тынчтык орнотуу операциясын даярдоо жана өткөрүү маселелери иштелип чыгат.
"Тынчтык орнотуу машыгууларынын алкагында биринчи жолу ЖККУнун радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо, ошондой эле медициналык камсыздоо боюнча биргелешкен түзүмү менен атайын машыгуулар өткөрүлүп жатат. "Барьер-2025те" биологиялык коркунуч булактарын жоюу маселелери иштелип чыгат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган машыгуулар КМШга кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтары өткөрүп жаткан "Содружество Антитеррор" аталышындагы террорчулукка каршы окууларынын акыркы этабы менен бир убакта өткөрүлүп жатат.