ЕАЭБде кызмат көрсөтүүлөр менен түз инвестициялардын көлөмү өстү

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. ЕЭК комиссиясы экономикалык интеграция Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердеги бизнеске оң таасир тийгизди деп баалады. Тиешелүү баяндама 2024-жылга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча ЕЭК коллегиясы тарабынан жактырылды.
Ага ылайык, ЕАЭБде туруктуу оң динамика байкалууда. Негизги көрсөткүчтөрдүн бири — биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктардын азайышы. Бир жылдын ичинде алардын саны 46дан 36га чейин, башкача айтканда, 20 пайыздан ашыгыраак кыскарган. Бул нерсе ишкерлер үчүн рынокторду жеткиликтүү кылып, өз ара соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Акыркы көрсөткүчтөрдө да оң тенденциялар байкалган. Биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара кызмат көрсөтүүлөр менен соода көлөмү 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу 16 пайызга өскөн. Эгер 2022-жылдагы базалык көрсөткүч менен салыштырсак, эки жыл ичиндеги өсүш 42 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, интеграциялык процесстер инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштырат. 2022-2024-жылдары мүчө мамлекеттердеги өз ара түз инвестициялардын көлөмү дээрлик 17 пайызга көбөйгөн.
"Көрсөтүлгөн сандар жөн гана статистика эмес, бул — интеграцияны тереңдетүү боюнча биргелешкен ишибиздин жемиши. Тоскоолдуктарды азайтуу, кызмат көрсөтүүлөр менен сооданын өсүшү жана өз ара инвестициялардын көбөйүшү биримдигибиздин туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөт. Биз ЕАЭБдин жалпы рыногунда ар бир ишкер өз мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашыра алган туруктуу экономикалык чөйрөнү түзүүнү улантабыз", — деди ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бакыт Султанов.
Кожошев: ЕАЭБ дүйнөлүк транспорт системасындагы негизги хаб болушу мүмкүн