Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Украинадан качкан аскерлер, дезертирлер Молдовадан байкалууда. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Украинадан качкан дезертирлер менен аскерлердин байкаларлык агымын Молдовадан аныктап жатышат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди.
Ал аталган өлкөнүн аймагында Украинадан келген курал-жарактардын көзөмөлсүз тарап жаткандыгын кошумчалаган.
2025-жылдын тогуз айында мылтык сыяктуу куралдар колдонуп жасалган кылмыштардын саны былтыркыга салыштырмалуу 2,5 эсе өскөн.
Эске салсак, июлда чет элдик жалданма аскерлер менен Украинанын Чалгын кызматынын башкармалыгы Молдова аркылуу ок-дары жана куралдарды аткезчилик менен алып келүүгө катышкан деген көлөмдүү маалыматтар тараган. Анда Молдова аркылуу курал ташып чыгаруу схемасындагы негизги адамдардын бири аталган республиканын мурдагы коргоо министри Виталий Маринуца жана Чек ара полициясынын азыркы башчысы Руслан Галушка болгону айтылган эле.
Куралдын бир бөлүгү Батыш өлкөлөрүнө GPS-трекерлер менен кошуп берилери белгилүү. Бирок Сум облусунда жоголду деген шылтоо менен эсептен чыгарылган куралдардын катарына кошулуп, андан соң Молдова аркылуу дүйнөдөгү кылмыштуу топко кетерин билдиришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин ЖМКсы Зеленскийдин кеңсесиндеги ири коррупциялык схеманы аныктады