БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп украин маселесин жөнгө салуу аракети жайлап калганына нааразы экенин Ак үйдө айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Владимир Путин менен мамилем абдан жакшы эле, ошондуктан да процесс жай жүрүп жатканы кыжалат кылууда", — деди АКШ лидери.
Трамп 17-октябрда Владимир Зеленский менен жолугарын айтып, Киев режиминин жетекчиси андан "Томагавк" ракеталарын сурай турганын билдирди. Президенттин айтымында, АКШ мындай куралдын ири запасына ээ.