Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Путин Украина маселесин дипломатиялык нукка бурууга дайым ачык

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Украина маселесин жөнгө салуу процессин саясий-дипломатиялык нукка түшүрүүгө даяр, бул тууралуу ал бир нече жолу айткан. Мындай билдирүүнү Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков жасаганын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп украин маселесин жөнгө салуу аракети жайлап калганына нааразы болгон.
Песков маселенин жаралышында Россиянын күнөөсү жок экенин белгиледи.
"Президент Путин процессти саясий-дипломатиялык нукка түшүрүүгө даяр экенин бир нече жолу айткан. Азыр көйгөй дал ушунда. Мында биздин күнөө жок. Өлкө башчысы дайым Россиянын азыркысы жана келечеги үчүн кам уруп, кызыкчылыгын көздөйт", — деди Кремлдин өкүлү.
Ал Россия экономикасынын коюлган максаттардын баарын аткарууга дарамети жетерин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Томагавк" берүүнүн зарылдыгы жоктой. АКШнын Киевге берчү куралы тууралуу айтышты