Радио

Муратбекова: акыркы жылдары өспүрүмдөрдүн психологиялык абалы жакшырууда

Психолог Айнек Муратбекова азыркы муундагы ата-энелер травма, эмоция, шартсыз сүйүү деген түшүнүктөр менен тааныш болуп, балдарынын ден соолугуна эле эмес, психологиялык коопсуздугуна да көңүл бура башташканын айтты.
Sputnik
Акыркы жылдары өспүрүмдөрдүн психологиялык жана эмоционалдык абалы мурдагыга салыштырмалуу жакшырды. Мындай пикирин Айнек Муратбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурдагы ата-энелер бала тарбиялоодо жаңыча ыкмага өтүп, өздөрү бала кезинде ала албаган мээримди балдарына берүүгө аракет кылып жатышат.

"Азыркы ата-энелер — мигранттардын балдары. Башкача айтканда, алардын ата-энеси чет өлкөгө иштегени кетип, ата-энесинен алыста, мээримге толук бөлөнбөй чоңоюшкан. Ошондуктан азыр өздөрү ала албаган камкордукту жана мээримди өз балдарына берүүгө аракет кылып жатышат. Демек, азыркы муундагы ата-энелер өзүнүн тарбиялык ролун түшүнгөн, баласына сүйүү менен мамиле кылган акылдуу ата-энелер деп айтсак болот. Буга чейин, тактап айтканда, он жыл мурда балдарынын физикалык коопсуздугун гана ойлонушчу. Ал эми азыр психологиялык жана эмоционалдык коопсуздукка да көңүл бура башташты. Мисалы, шартсыз сүйүү, травма, эмоция деген түшүнүктөр алар үчүн тааныш боло баштады", — деди Муратбекова.

Ал адамдын ички жана сырткы ресурстарынын тең салмактуулугу психологиялык коопсуздук экенин кошумчалады.