БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүндөн тарта кесек көмүрдү автомобиль транспорту аркылуу экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ААКы кабарлады.
Мындай чара ички рынокто көмүр тартыштыгына жол бербөө жана баанын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында кабыл алынган.
"Чектөө көмүрдү автомобиль транспорту менен экспорттоого гана тиешелүү экенин белгилейбиз. Ал эми темир жол аркылуу ташып чыгууга, ошондой эле майда көмүрдү сатууга эч кандай чектөө жок", — дешти ишканадан.
Кесек көмүрдү автомобиль транспорту менен экспорттоо иши ички суроо-талап турукташканда кайрадан жанданат.