БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Токмокто жылына 5 миң тонна базальт чыгарган завод салына баштады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Ишкананын курулушуна старт берген салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышкан. Өндүрүш объектин куруу үчүн 42 миллион доллар инвестиция тартылганы айтылды.
"Бул ишкананын курулуш тармагы үчүн мааниси чоң. Ата мекендик базальт буласын өндүрүү импортко болгон көз карандылыкты азайтып, базар баасын турукташтырат", — деген Касымалиев.
Анын айтымында, өкмөт жаңы өнөр жай секторун түзүү, импортко көз карандылыкты азайтуу максатында 2024-2030-жылдарга карата "Базальт буласы жана материалдары" мамлекеттик программасын бекиткен. Курулушу башталган ишкана ошол документти ишке ашыруунун алкагында салынып баштаган.