БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган Ананьево чакан гидроэлектр станциясы иштей баштады. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган ГЭСтин курулушуна болжол менен 5 миллион доллар кеткен. Анын 3,3 миллион долларын РКӨФ каржылап берген. Чакан станциянын кубаттуулугу 5,5 мегаватты түзөт. Ал жыл сайын 27 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгара алат.
"Бул долбоор аймактардын энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган. Анын ишке ашышы мамлекет менен каржы институттарынын натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү болуп саналат", — деп белгилеген фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков.
Долбоордун алкагында суу тосмосу курулуп, узундугу 6 чакырымдан ашкан сууну күүлөнткөн түтүк орнотулган. Курулушка жалпы эки жылдай убакыт кеткени айтылды.