16-октябрга карата аба ырайы

16-октябрда республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 18…23, Талас өрөөнүндө 17…22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 15…20, Нарын чөлкөмүндө 15…20 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 21…23, Ош шаарында 23…25 градуска жетет.
Суук түшүп, үшүк жүрөт! Октябрга карата аба ырайы