Кеэ Алтай IV илимий форумуна быйыл Кыргызстандан жыйырмдаан ашык окумуштуу катышты. Форумдун дагы бир өзгөчөлүгү жаш окумушуулар жана студенттердин да катышуусу болду. Муундан муунга мурас катары өткөрүп берүү салтын карманган бул илимий иш чара кыска убакытта эл аралык аренада таанылып, илимпоздордун кызыгуусун арттырып турган долбоорго айланды. Кыргызстандан барган окумуштуулардын башын бириктирп, эки жылда бир өтүүчү чоң илимий иш-чарага даярдап, жыл сайын өлкөдө ушундай форумдарды уюштуруп келе жаткан Кең Алтай, түркология жана алтаистика илимий изилдөө борборунун жетекчиси Жамыйкат Өмүрова биздин студияда болуп аталган иш чаранын илимдеги орду тууралуу кеп кылды.