Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган Ананьево чакан гидроэлектр станциясы иштей баштады. Бул тууралуу фонддон билдиришти. Маалыматка караганда, аталган ГЭСтин курулушуна болжол менен 5 миллион доллар кеткен. Анын 3,3 миллион долларын РКӨФ каржылап берген. Чакан станциянын кубаттуулугу 5,5 мегаватты түзөт. Ал жыл сайын 27 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгара алат.Долбоордун алкагында суу тосмосу курулуп, узундугу 6 чакырымдан ашкан сууну күүлөнткөн түтүк орнотулган. Курулушка жалпы эки жылдай убакыт кеткени айтылды.
ЕЭК комиссиясы экономикалык интеграция Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердеги бизнеске оң таасир тийгизди деп баалады. Тиешелүү баяндама 2024-жылга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча ЕЭК коллегиясы тарабынан жактырылды. Ага ылайык, ЕАЭБде туруктуу оң динамика байкалууда. Негизги көрсөткүчтөрдүн бири — биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктардын азайышы. Бир жылдын ичинде алардын саны 46дан 36га чейин, башкача айтканда, 20 пайыздан ашыгыраак кыскарган. Бул нерсе ишкерлер үчүн рынокторду жеткиликтүү кылып, өз ара соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Мындан тышкары, интеграциялык процесстер инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштырат. 2022-2024-жылдары мүчө мамлекеттердеги өз ара түз инвестициялардын көлөмү дээрлик 17 пайызга көбөйгөн.
Ысык-Көлдө мыйзамсыз пайдаланылып жүргөн 2319 гектар жер кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Түптөгү айыл чарба жерлери жергиликтүү бийлик башында тургандардын тааныштарына берилип, бюджетке төлөм төлөнбөй, тиешелүү документтери жок пайдаланылып келген. Кайтарылган жер Түп айыл аймагынын балансына өткөрүлдү.
РФ президенти Владимир Путин Украина маселесин жөнгө салуу процессин саясий-дипломатиялык нукка түшүрүүгө даяр, бул тууралуу ал бир нече жолу айткан. Мындай билдирүүнү Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков жасаганын РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп украин маселесин жөнгө салуу аракети жайлап калганына нааразы болгон. Песков маселенин жаралышында Россиянын күнөөсү жок экенин белгиледи. "Президент Путин процессти саясий-дипломатиялык нукка түшүрүүгө даяр экенин бир нече жолу айткан. Азыр көйгөй дал ушунда. Мында биздин күнөө жок. Өлкө башчысы дайым Россиянын азыркысы жана келечеги үчүн кам уруп, кызыкчылыгын көздөйт", — деди Песков. ///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 7 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар