Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Токмокто жылына 5 миң тонна базальт чыгарган завод салына баштады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Ишкананын курулушуна старт берген салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышкан. Өндүрүш объектин куруу үчүн 42 миллион доллар инвестиция тартылганы айтылды. "Бул ишкананын курулуш тармагы үчүн мааниси чоң. Ата мекендик базальт буласын өндүрүү импортко болгон көз карандылыкты азайтып, базар баасын турукташтырат", — деген Касымалиев. Анын айтымында, өкмөт жаңы өнөр жай секторун түзүү, импортко көз карандылыкты азайтуу максатында 2024-2030-жылдарга карата "Базальт буласы жана материалдары" мамлекеттик программасын бекиткен. Курулушу башталган ишкана ошол документти ишке ашыруунун алкагында салынып баштаган.
Кыргызстанда 20 миңден ашык камера орнотулганда гана өлкө боюнча толук коопсуздук камсыздалат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 2000ден ашык гана камера бар. Акыркы үлгүдөгү бул камералар адамды жүзүнөн тааныйт, 360 градуска айланып тартат жана көп функционалдуу.Ал акыркы жасалган оор кылмыштардын бетин ачуу операциясы так ушул камералардын жардамы менен ишке ашканын белгилеген.
2025-жылдын 1-январына карата өлкөдө 488 миңден ашык жеке ишкер каттоодон өткөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгынын башчысы Малика Абдукадирова Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2024-жылы республиканын аймагында 24,6 миң чакан ишкана жана 905 орто ишкана иштеген. Дыйкан чарбаларынын саны 475 миңди түзгөн. 2023-жылга салыштырмалуу орто ишканалардын жана дыйкан чарбаларынын саны бир аз кыскарган.Абдукадирова айыл чарба ишмердүүлүгү менен алектенген жеке ишкерлерди кошо эсептегенде, дыйкан чарбалардын эң көп саны Ош облусунда топтолгонун – 138 миңге жакын экенин белгиледи. Дыйкан чарбаларын эсепке албаганда, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин жалпы санынын 39 пайызы соода тармагында, 25 пайызы айыл чарба жана балык уулоо тармагында, 10 пайызы транспорт тармагында, ал эми 6%ы өнөр жайда иш жүргүзгөн. "Жалпысынан, 2024-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгү оң динамика менен мүнөздөлдү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, кошумчаланган дүң нарктын көлөмү 664,6 миллиард сомду түздү, же ИДПга карата 43,6 пайызды түздү. Эң чоң салымды жеке ишкерлер камсыз кылды – 282 млрд сомдон ашык, же 18,5 пайызды түзөт", — деп билдирди адис.
АКШ президенти Дональд Трамп украин маселесин жөнгө салуу аракети жайлап калганына нааразы экенин Ак үйдө айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Владимир Путин менен мамилем абдан жакшы эле, ошондуктан да процесс жай жүрүп жатканы кыжалат кылууда", — деди АКШ лидери. Трамп 17-октябрда Владимир Зеленский менен жолугарын айтып, Киев режиминин жетекчиси андан "Томагавк" ракеталарын сурай турганын билдирди. Президенттин айтымында, АКШ мындай куралдын ири запасына ээ.