2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандагы орточо айлык номиналдык маяна 42 миң 648 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эмгек акынын көлөмү 19,6 пайызга өскөн. Ал кошумчалагандай, эмгек акы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6%га өскөн. Белгиленгендей, эң көп айлык акынын жогорулашы кыймылсыз мүлк, курулуш, саламаттык сактоо, маалымат жана байланыш, социалдык тейлөө, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк, мейманканалар жана ресторандар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, мамлекеттик сатып алуулар жана тоо-кен казып алуу тармагында катталган.
Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Макулдашуу Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында өттү. Жолгушууда тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ага жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында "Келечек үчүн билим берүү" долбооруна кошумча каржылоо боюнча жалпы суммасы 6,36 млн долларды түзгөн каржылоо жөнүндө макулдашууга жана гранттык техникалык жардам жөнүндө катка кол коюлду. Анын ичинде Дүйнөлүк банктын 4,36 млн доллар өлчөмүндөгү кредити жана 2 млн доллар өлчөмүндөгү гранты бар. Бул каражат бала бакчаларды оңдоого жана жабдууга, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн камтуусун көбөйтүү максатында имараттарды оптималдаштырууга жумшалат.
Бишкекте жугуштуу илдеттер ооруканасынын балдарды дарылаган жаңы имараты ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттөн билдиришти.Маалыматка караганда, үч кабаттуу жаңы бөлүмдө изоляцияланган жана жарым изоляцияланган бөлмөлөр, желдетүү жана абаны чыпкалоо системалары орнотулуп, бейтаптарга жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн."Бул жерде бейтаптар тез арада изоляцияланып, инфекциянын негизги булактары аныкталып, алардын жайылышына бөгөт коюлат. Оорукананын маанилүүлүгүн COVID-19 пандемиясы учурунда, оорукана эң оор оорулууларды кабыл алып, бүткүл системанын ишин координациялаганда баарыбыз көрдүк", — деп белгилеген Касымалиев.Ошондой эле оорукананын айланасы көрктөндүрүлүп, диагностикалык жана дарылоонун заманбап технологиялары ишке киргизилгени айтылды.
Кытай АКШ менен соода согушуна даяр, бирок сүйлөшүүлөргө да ачык. Бул тууралуу РИА Новостиге Кытайдын Вашингтондогу элчилигинин маалымат катчысы Лю Пэнъюй билдирди.Дипломат Кошмо Штаттар Кытайдан сүйлөшүүлөрдү талап кылып, ошол эле учурда бажы төлөмдөрү менен коркута албай турганын белгиледи. Элчиликтин өкүлү мындай жаңылыш мамилени мүмкүн болушунча эртерээк оңдоп, сүйлөшүүлөрдү чын дил менен жүргүзүүгө чакырды. Ал ошондой эле маселелерди диалог аркылуу чечүү жана өлкөлөр ортосунда туруктуу мамилени илгерилетүү зарыл экенин белгиледи.