Кыргыз балы башка мамлекеттерде жакшы бааланат - өлкөдө аарычылык иши кандай өнүгүүдө?

Sputnik
Балчылык айыл чарбадагы маанилүү тармак. Бул экология, айыл чарба, тамак-аш коопсуздугу жана дары-дармек өндүрүшү менен тыгыз байланышта. Демек өзгөчө орунду ээлейт десек болот. Бирок бал өндүрүү жеңил-желпи иш эмес. Биз бүгүн Кыргызстандагы балчылардын абалы алардын кыйынчылыгы жана келечеги тууралуу кеп кылдык. Биздин суроолорубузга Аарычылык палатасынын төрагасы Султан Аббасов жооп берди.