БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кара-Балта шаарынын коррупцияга шектелип кармалган мэри Мирлан Жекшенов кызматынан алынып, ордуна Салмурбек уулу Азат дайындалды. Мындай тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, Жекшенов быйыл 30-июнда кармалып, калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн бир миллиард сомдун мыйзамдуу пайдаланылышын тиешелүү органдар иликтеп баштаган.
Кечирээк УКМК Кара-Балта мэриясынын үч кызматкерин мамлекетке 26 миллион сомдук зыян алып келди деген шек менен кармаганын билдирген.