Кожошев: ЕАЭБ дүйнөлүк транспорт системасындагы негизги хаб болушу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Глобалдык чакырыктарды жеңүү үчүн ЕАЭБ бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев 13-октябрда Москвада өткөн "Евразиялык логистика күнү" эл аралык форумунда билдирди.
Ал белгилегендей, биримдик товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, транспорт системасынын натыйжалуулугун жана байланышын жогорулатуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү сыяктуу тармактарга багытталган. Мунун баары эл аралык координациялоо, инфраструктуралык долбоорлор, тоскоолдуктарды жоюу жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу ишке ашат.
"Электрондук коштомо кагаздарды, навигациялык пломбаларды киргизүү жана Интеллектуалдык транспорттук системалар концепциясын ишке ашыруу аркылуу транспортту санариптештирүү эл аралык логистиканын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы сооданын өсүшүнө оң таасирин тийгизет", — деди Кожошев.
ЕАЭБ глобалдык демилгелер, анын ичинде "Бир алкак — бир жол", "Түндүк деңиз жолу", "Транскаспий жолу" долбоорлору менен өз ара кызматташуу боюнча активдүү иш жүргүзүүдө. Балтикадан Каспий деңизи аркылуу Инд океанына чейинки Түндүк — Түштүк коридору тездик менен өнүгүп, Астрахань жана Актау портторун, жаңы темир жолдорду модернизациялоо жүк ташууну илгерилетүүгө азыртадан эле оң таасирин тийгизүүдө.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасы геосаясий, экономикалык жана технологиялык кыйынчылыктарга дуушар болуп, активдүү трансформацияланууда. Ошентсе да чоң үмүт бар. Атап айтканда, биргелешкен демилгелердин, санариптештирүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын аркасында аймак глобалдык транспорт системасынын негизги түйүнү болуп калышы мүмкүн", — деди ЕЭК министри.
Кыргызстандын дөңгөлөктөрү ЕАЭБден Африкага чейин сатылууда