Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина парламентинде Россияга "Томагавк" менен сокку уруу тууралуу айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинага ыраакка атылуучу "Томагавк" ракеталарын берген күндө да атайын түзүлүштүн жоктугунан Киев аны колдоно албайт. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Сергей Рахманин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бизге эки "Томагавк" бериши мүмкүн. Аны кол менен эле ыргытып коебузбу, эмне менен атабыз?" — деп суроо салды эл өкүлү.
Парламентарийдин айтымында, ракеталар атыла турган түзүлүш берүүнү АКШдан батыш союздаштары да сураган, аларга бир нече жыл күткүлө деген жооп кайтарылган.
"Алар күтүп жатканда бизге бере калышмак беле? Бир керемет эле болуп кетпесе... Анын үстүнө Трамп бекер эч нерсе бербейт, Европа болсо биз үчүн андай ири акча төлөбөйт", — деген Рахманин.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Украинага "Томагавк" канаттуу ракеталарын берүү маселеси боюнча бир чечимге келгенин, болгону Киев аны кандай пайдаланарын билгиси келерин айткан. Россия лидери Владимир Путин Киевдин мындай ракеталарды колдонушу Москва менен Вашингтондун алакасына доо кетирерин белгилеген болчу. Ал кандай болгон күндө да Россия агрессивдүү аракеттин баарына жооп кайтарууга даяр экенин, ATACMS ракеталарына ыңгайлаша алган абадан коргонуу күчтөрү "Томагавктын" да эбин табарын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Украинага "Томагавк" берүүнү Путин менен талкуулашым мүмкүн