БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ысык-Көлдөгү Жууку курортун реконструкциялоо жана кеңейтүү долбоорун каржылайт. Бул тууралуу мекеменин башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Маалыматка караганда, ден соолукка пайдалуу ысык суу чыккан комплекс СССР убагынан бери иштейт. Бирок учурда андагы инфратүзүм жараксыз абалга келген. Калыбына келтирип, заман талабына шайкеш кылып реконструкциялоого РКӨФ 30 миллион сом бөлөт.
"Ал каражатка бөлмөлөр жаңыланып, тамактануучу жайлар салынат. Реконструкциянын биринчи этабы аяктагандан кийин курорт 50 кишиге чейин кабыл алат. Комплексти жаңылоо туризм тармагында жыл бою кызмат көрсөтүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат", — деген Новиков.
Андан тышкары, долбоордун алкагында курорттогу жабык бассейндер дагы оңдолуп, дары суулары менен ачык бассейндер салынат.