Өз кишилери утуп жүргөн. УКМК "Ош сила" лотереясынын уюштуруучуларын кармады

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. "Ош сила" фиктивдүү лотереясын түзүү менен алдамчылык схемасын уюштургандар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, алар баюу максатында өз адамдарын жеңүүчү деп жарыялап келишкен.
"Катышуучулардын санын көбөйтүү үчүн автоунаа, батир, жер сыяктуу кымбат баалуу байгелер ойнотулган. Ал эми жеңүүчүлөр атайын дайындалган адамдар болуп, бардык байге лотереянын уюштуруучуларында калган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Лотереянын мыйзамсыз уюштуруучулары К.у.К. жана Б.М.А. кармалып, № 21 тергөө абагына киргизилди.
1 / 2

"Ош сила" фиктивдүү лотереясын түзүү менен алдамчылык схемасын уюштургандар аныкталды

2 / 2

Маалыматка караганда, алар баюу максатында өз адамдарын жеңүүчү деп жарыялап келишкен

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык жагдайларды жана адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу лотереяны "Мамлекеттик лотерея компаниясы" гана уюштура аларын эске салды.
Ташиевдин атын жамынып BMW X7 жана 210 миң доллар алып кеткен. Шектүү кармалды