Радио

Кыргызстанда рактан каза болгондордун санын кыскартуу программасы иштелип чыгат

Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор Амангелди Жумабаев акыркы учурларда ракка кабылгандардын саны жылына 6 миң кишиден ашып жатканын айтты.
Sputnik
Улуттук онкология жана гематология борборунда ракка чалдыккан 35 163 киши каттоодо турат. Анын 55 пайызы рактын 3-4-стадиясында экенин Амангелди Жумабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2030-жылга карата рактан каза болгондордун санын үч эсе кыскартуу программасын иштеп чыгуу каралууда.
"Улуттук онкология жана гематология борборунда ракка чалдыккан 35 163 киши каттоодо турат. Анын 55 пайызы рактын 3-4-стадиясында. Дээрлик 18 миңдейи толук айыгып кеткен. Бирок алар өмүр бою бул каттоодо калып, биздин көзөмөлдө болуп, көрүнүп турушат. Тилекке каршы, онкологиялык оорулар өсүүдө. Мисалы, 2020-жылы ракка кабылгандардын саны жылына 5 миңден бир аз ашса, 2024-жылы бул диагноз 6650 кишиден аныкталган. Учурда жаңы ыкмалар колдонулуп жатат. 2030-жылга карата рактан каза болгондордун санын үч эсе кыскартуу программасын иштеп чыгуу каралууда. Убагында тиешелүү жардам алса, дартты толук жеңип чыкса болот", — деди Жумабаев.
Ошондой эле ал онкологиялык ооруларды аныктоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө басым жасалып жатканын кошумчалады.