Олимпиадага чейин 18 спортчу 2000 долларлык стипендия алмай болду. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2000 долларлык олимпиадалык стипендияны кайсы спортчулар алары белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттун 8 түрү боюнча 18 спортчу тизмеге кирген. Алар төрт айда бир жолу 2 миң доллардан стипендия алып турушат.

Стипендия алчу спортчулардын тизмеси:

Балбандар:
Акжол Махмудов
Жоламан Шаршенбеков
Эрназар Акматалиев
Бекзат Алмаз уулу
Айсулуу Тыныбекова
Мээрим Жуманазарова
Айпери Медет кызы
⁠Кальмира Билимбекова
Боксчулар:
Ихтияр Нышонов
Мырзакир Кошалиев
Зарина Асанова
Спорттун башка түрлөрү:
Денис Петрашов, сууда сүзүү
Эрлан Шеров, дзюдо
Адина Көчкөнбаева, дзюдо
Родион Туйгунов, кайык спорту
Арууке Талантбекова, ок атуу
Асель Шарбекова, жаа атуу
Айнуска Калил кызы, жеңил атлетика
Белгилей кетсек, аталган стипендия спортчуларга 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага чейин берилет.
Чынарбек Изабеков күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду