Манаста айдоочулук сынактан өткөрүү үчүн коррупциялык схема түзгөндөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Манас шаарында автомектепте окугандардан практикалык сынактарды кабыл алууда коррупциялык схема уюштурган кызматкерлер кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Президенттин иш башкармалыгына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун кызматкерлери жеке менчик автомектептердин инструкторлору менен сүйлөшүп алып, практикалык сынактан өткөрүү үчүн ар бир адамдан 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турушкан.
"Практикалык сынак болгон күндөрү 10-15 айдоочу ушул схема аркылуу өткөн. Аны түзгөндөр бир күндө 30 миңден 50 миң сомго чейин пайда көрүшкөн. Бул кылмыш иштин алкагында мекеменин кызматкерлери жана алардын шериктери, Б.М.М., Д.Т.А., С.Э.А., М.Б.А аттуу жарандар, пара алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Ташиевдин атын жамынып BMW X7 жана 210 миң доллар алып кеткен. Шектүү кармалды