БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда эт, балык, жумуртка сыяктуу бир катар азык-түлүк продукциялары арзандашы мүмкүн.
Министрлер кабинети жарыялаган токтомго ылайык, 2030-жылдын 1-январына чейин айыл чарба продукцияларына болгон кошумча нарк салыгы (КНС) 80 пайызга азайтылат. Учурдагы КНС 12 пайызды түзөт.
Тизмеге эт, балык, жумуртка, суу май жана бир катар жашылча, мөмө-жемиштер кирген.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.