Ак-Ордодогу адам өлтүрүү: шектүүнүн кылмышка даярдыгынан атылганына чейинки видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Милиция Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелген кишинин кылмышка даярданганынан тарта атып жок кылынганына чейинки видеону жарыялады.
Анда милицияга өлтүрүлгөн кишинин аялы чалган учур, кылмыш жасалган үйдөгү жаңы кадрлар, шектүүнүн Ак-Ордого ак кепка кийип барганы, базардан бычак тандаган учуру толук көрсөтүлгөн. Видеодо кылмыш жасаган соң шектүү кийимдерин таштанды челекке ыргытканын, аны ошол жактагы селсаяк таап алганы да баяндалган.
Кадрлардан шектүү кылмыш жасалгандан кийин уюлдук аппаратынан адвокат жалдоо, Ошко жетүү жолдору, полиция кылмышкерлердин изине кантип түшөт, Японияга акчасыз кантип жетсе болот деген сыяктуу бир катар суроолорго жооп издегенин көрүүгө болот. Ошондой эле ЖМКларга эки адам өлтүрүлгөнү тууралуу кабар тарагандан кийин шектүүнүн досу аны таанып "бул сен эмессиңби, сага абдан окшош экен" деп кат жөнөткөн.
Анын болжолдуу сүрөтү жарыяланып издөө салынгандан кийин, 6-октябрда түштөн кийин Караколго жөнөгөн. Бирок 7-октябрда эртең менен ал кайра Бишкекке келгенден кийин ата-энесинин үйүнөн кармалган.
Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелген жигит качууга аракет кылганда атылды