15-октябрга карата аба ырайы

15-октябрда республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 16…21, Таласта 14…19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 14…19, Нарын чөлкөмүндө 12…17 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 17…19, Ош шаарында 24…26 градуска жетет.
Суук түшүп, үшүк жүрөт! Октябрга карата аба ырайы