Жолдубай Кайыпов — жаркыраган жылдыз: өмүр жолу жана чыгармачылык мурасы

Sputnik
Бул маекте белгилүү диктор, обончу, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыповдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы жөнүндө сөз болду. Анын кызматтык карьерасы, обондору, таланты, балачагы тууралуу кенен баарлаштык. Ошондой эле анын жетекчилик сапаттары, мекенге берилгендиги жана коомдогу орду эскерилди. Жолдубай Кайыповдун кыргыз маданиятындагы орду жана жаш муундарга калтырган руханий мурасын иниси айтып, тилекке каршы улуу талант көп талантынын сандыгын ачканга жетишпей каза болгонун айтып өкүндү. Жолдубай Кайыпов болгону 37 жыл гана өмүр сүрүп, жаркыраган жылдыздай жанып-өчтү.