Бишкекте айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата “АгроТехЭкспо-2025” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт. Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, асыл тукум мал, үрөндөр, жер семирткичтер, көрсөтүлүп, органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан сатылат. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында дал ушул иш чара тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу жана жеке өнөктөштүк секторунун башчысы Искак Анарбеков жооп берди.