БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Газа секторун калыбына келтирүү иштерине 70 миллиард доллар өлчөмүндө каражат керек. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын палестин элине жардам көрсөтүү долбоорунун өкүлү Яко Силлиерс Женевадагы брифингде айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын март айында Дүйнөлүк банк 23 миллиард доллар керектелерин билдирген, бирок Израилдин созулуп кеткен согуштук аракеттеринен улам реконструкцияга зарыл каражаттын көлөмү кыйла өстү. Буга Газа шаарынын бир топ кыйроого учурашы да себеп.
Силлиерс анклавды калыбына келтирүү мөөнөтүн божомолдой алган жок, жумуштар каржылоодон көз каранды. БУУ өкүлү реконструкция иштери "он жылдап" созулуп кетиши мүмкүн экенин белгиледи.
UNDP баалоосуна ылайык, Газаны кеминде эле 500 миллион тоннадай урандыдан тазалоо кажет. Андан көз жумган палестиналыктардын сөөгү да чыгышы мүмкүн.
"Январдан бери үч сөөк чыгардык. Алар мечиттен табылган. Тилекке каршы, башка жактардан да чыгышы толук ыктымал", — деди Силлиерс.
Белгилей кетсек, Газа секторунда атышуу жума күнү токтоп, согуш токтогону расмий жарыяланды. Кечээ Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында тынчтык саммити өтүп, декларация кабыл алынган. Ага ылайык, мындан ары АКШ, Түркия, Египет жана Катар Жакынкы Чыгышта кандай гана кооптуу абал жаралбасын, сүйлөшүү жолу менен гана чечишет. Өлкө лидерлери аталган аймактагы талаш-тартыштарды күч менен чечүүгө болбой турганын айтышкан.