БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эгер Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу мүмкүн болбой калса, анда Вашингтон Киевге "Томагавк" ракеталарын берет. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мен ага (Владимир Путинге. — ред.) согуш токтобосо Украинага "Томагавк" ракеталарын жөнөтөм деп айтышым мүмкүн", — деди Ак үйдүн башчысы.
Трамп Владимир Зеленский менен курал-жарак маселесин талкуулаганын кошумчалап, Киев дал ушул ракеталарды алууга үмүттөнүп жатканын белгилеген.
"Томагавк" ракеталарына байланыштуу кырдаал
Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Американын канаттуу ракеталарын Украинага жеткирүү боюнча чечимди дээрлик кабыл алганын, бирок Киев аларды кантип колдонууну көздөп жатканын түшүнгүсү келерин билдирген.
Ал эми Кремль мындай кадам кырдаалды кыйла курчутарын, анткени "Томагавкты" өзөктүк вариантта дагы колдонушу мүмкүн экенин белгилеген.
Владимир Путин бул курал жөнүндөгү сөздөрдү мактаныч катары сыпаттады. Ал Москва буга абадан коргонууну күчөтүү менен жооп берерин белгилеген. Президент ошондой эле Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү Россия менен АКШнын мамилесине зыян келтирерин, бул ракеталарды америкалык аскер кызматкерлеринин түздөн-түз катышуусу жок колдонуу мүмкүн эместигин кошумчалаган.