Таласта 1 млрд. сомдук шаарча курулуп жатат. Эскиз

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Таласта "Баластан" шаарчасы курулуп жатканын облустун жетекчиси Эрмат Жумаев журналисттер үчүн уюштурган пресс-турда билдирди.
Анын айтымында, шаарчада тескери айланган музейлер, лабиринттер, балдарды өнүктүрүүчү борборлор болорун айтты. Анын курулушуна 1 миллиард сомдук инвестициялык келишим түзүлгөн.
"Дагы бир өзгөчөлүгү, азыр Кытай тарап менен макулдашылып жатат, жасалма интеллект орнотулган 5-6 робот болот. Алар гид катары кыргыз тилинде кызмат көрсөтүшөт. Балким, аларга калпак кийгизип коёрбуз, көрөбүз", — деди Жумаев.
Облус башчысы ушул жана башка курулуштардын баары өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүлөрүн кошумчалады. 2026-жылы бул майрам Таласта белгиленет.
Чүй облусунда 50 гектар жерге Disneyland куруу пландалууда