Нацисттер шаарды жок кылууну көздөп, 5000ден ашык объектини жардырууну пландаган. Бирок мындай кара өзгөй ниети орундалбай, советтик жоокерлер партизандар менен миналарды тазалап чыгышкан.
"Риганын жашоочулары: жумушчулар, кызматкерлер, интеллигенттер бизди чын дилден, чоң кубаныч менен тосуп алышты", — деп ал күнү 3-Прибалтика фронтунун штабынан кабарлашкан.