БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунда кантип добуш бере аларын Тышкы иштер министрлиги билдирди (ТИМ).
Маалыматка караганда, өлкө аймагынан тышкары добуш берүүгө шарт түзгөн онлайн-идентификация ыкмасы киргизилди. Ал аркылуу жарандар Кыргызстандагы туруктуу катталган жерине келбей эле чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат.
"Добуш берүүгө Кыргызстандын аймагында катталган, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана 18 жашка толгон жарандар катыша алат. Шайлоочуга анын катталган аймагындагы округдун бюллетени берилет жана бир гана талапкерге же "баарына каршы" добуш берүүгө болот", — деди ТИМ.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын алдын ала тизмесин "Тизме" мамлекеттик порталына жарыялаган. Жарандар тизмеде бар-жогун 19-ноябрга чейин ошол жерден тактай алат.
"Эгер маалыматтарда ката кеткен болсо, шайлоочу 19-ноябрга чейин белгиленген тартипте авторизациядан өтүп, сайтындагы "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук арыз бере алат", — деди министрлик.
Ведомство ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерүүгө жана зарыл болгон учурда шайлоо укугунан пайдалануу үчүн өз убагында түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырды.