БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Израиль бардык фронтто жеңишке жетти. Бул тууралуу премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдиргенин РИА Новости жазды.
Анткен менен премьер-министр айрымдар кол салуу үчүн кайра күч топтоого аракет кылып жатканын айтты.
"Биргелешкен аракет менен бүткүл дүйнөнү таң калтырган чоң жеңиштерге жеттик. Кайсы жагы болсо дагы биз жеңдик. Ошол эле учурда кампания бүтө электигин белгилеп кетейин. Бизде чече турган өтө олуттуу коопсуздук маселелери бар", — деген ал.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу жума күнү токтоду. Макулдашууга ылайык, тараптар 72 сааттын ичинде туткундарды бошотушу керек. Газа секторунда барымтада турган израилдиктер бүгүн саат 11:00дөн тарта (Бишкек убактысы боюнча) эки этап менен кое бериле баштайт. Мындан тышкары, бүгүн Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында Газадагы согушту токтотуу боюнча саммит өтөт. Ага Египет менен АКШ президенттери Абдель Фаттах жана Дональд Трамп тең төрагалык кылат. Жыйынга 20дай өлкөнүн лидерлери катышары айтылган.