БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кел-Суу көлү караган Көк-Кыя аймагына (Нарын облусу) туристтик лагерь куруу пландалып, Ат-Башы райондук башкармалыгынын архитекторлору аталган жайдын эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Ага ылайык, лагердин аймагында этношаарча, заманбап мейманкана, оюн жана эс алуу аянтчалары түшөт. Ошондой эле ат минүүчү, автоунаа токтотуучу жайлар жана башка зарыл объектилер пайда болмокчу.
"Бул долбоордун негизги максаты — туристтик лагерди иретке келтирүү жана заманбап шарттар менен эс алуучуларга кызмат көрсөтүү", — дешти министрликтен.