БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргыз күлүгү Каракыз Казакстанда белгилүү самбочу, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Ерлан Байбатыровдун элесине арналган аламан жарышта биринчи болуп келди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап жатат.
Тулпар казак менен кыргыздын 50 күлүгү катышкан 27 чакырымдык чоң жарышта баарын артка калтырган. Тасмадан Каракыз казактын Акбакай аттуу күлүгү менен тең келе жатып, чечүүчү жарым чакырымда ири айырма менен озуп чыкканын көрүүгө болот.
Ал буга чейин да коңшу өлкөдөгү аламан жарыштарга катышып, бир нече жолу жеңген. Ал эми Көчмөндөр оюндарындагы жарышта үчүнчү орунду багындырган.