Израилдик туткундар Газадан эки этап менен бошотулары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Газа секторунда барымтада турган израилдиктер бүгүн саат 11:00дөн тарта (Бишкек убактысы боюнча) эки этап менен бошотулат. Бул тууралуу "Галей ЦАХАЛ" радиосуна таянуу менен РИА Новости жазды.
"Алгач анклавдын эки жериндеги туткундар чыгат, андан кийин үчүнчү локацияда кармалып тургандар бошотулат", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу жума күнү токтоду. Макулдашууга ылайык, тараптар 72 сааттын ичинде туткундарды бошотмок.
План боюнча, ХАМАС жана "башка топтор" Газаны башкарууга аралашпашы керек. Тынчтыкта жашоону колдоп, курал-жаракты тапшырып бергендерге мунапыс колдонулары айтылган. Мында ЦАХАЛ анклавды басып алууга же аннексиялоого аракет жасабашы кажет.
Израиль премьери Биньямин Нетаньяху планды колдоого алган. Анын айтымында, сунуш максатка ылайык келет. Өкмөт башчы эгер ХАМАС андан баш тартса, "ишти аягына чыгарууну" убадалаган.
ХАМАС Газа секторун башкарууну өткөрүп берүүгө макул болуп, планда камтылган башка маселелер анклавдын келечегине тиешелүү болгондуктан комплекстүү улуттук позиция менен байланышып, эл аралык укукка негизделгенин билдирген. Аталган темалар ХАМАС да кире турган жалпы палестиналык структуралардын алкагында талкууланышы керектиги айтылды.
РФ президенти Владимир Путин Россия эгер Трамптын планы палестин мамлекетинин түзүлүшүн шарттай турган болсо, аны колдоого даяр экенин билдирди.
Бүгүн Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында Газадагы согушту токтотуу боюнча саммит өтөт. Ага Египет менен АКШ президенттери Абдель Фаттах жана Дональд Трамп тең төрагалык кылат. Жыйынга 20дай өлкөнүн лидерлери катышары айтылган.
Трамп тынчтык келишими түзүлгөндөн кийинки Газанын тагдыры тууралуу айтты