France Press: АКШ, Египет жана Катар Газадагы атышууну токтотууга кепил болушат

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШ, Египет жана Катар Шарм-эш-Шейхтеги саммитте Газа секторундагы жаңжалды токтотуу боюнча келишимге кол коет. Иш-чарага Түркия дагы катышышы мүмкүн. Бул тууралуу France Press дипломатиялык булагына таянып жазды.
Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сисинин кеңсеси саммит дүйшөмбү күнү, 13-октябрда, өтөрүн жана ага 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышарын билдирди. Ас-Сиси менен АКШнын президенти Дональд Трамп саммитке төрагалык кылат. Агенттиктин маалыматы боюнча, АКШ, Египет жана Катар жетишилген келишимге кепил болушат. Аларга Түркия дагы кошулушу ыктымал.
Бейшемби күнү Трамп Израиль менен Палестинанын ХАМАС кыймылы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча тынчтык планынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялаган. Биринчи этапта ХАМАС барымтадагы израилдиктерди бошотот. Ал эми Израиль аскерлерин сектордун ичиндеги макулдашылган сызыкка чейин чыгарып кетип, жүздөгөн палестиналыктарды, анын ичинде террорчулук үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кое берет.
Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, барымтадагылар 72 сааттын ичинде бошотулуп, атышуу токтойт. Документ боюнча ХАМАС жана башка палестиналык топтор Газа секторун башкарууга катышпайт деп болжолдонууда. Көзөмөл Трамп жетектеген эл аралык технократиялык бийликке өтүшү мүмкүн.
Нетаньяху Израиль бардык фронтто жеңишке жеткенин жар салды