БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн 21 жаштагы кыргызстандык жигит Москвадан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Адам өлтүрдү делген Б.Ж. аттуу шектүүнүн изине кыргызстандык органдар менен РФ ИИМинин кызматы биргелешип түшкөн.
© Фото / пресс-служба МВД КР
ИИМ окуя мындан эки жыл мурда Ош шаарынын аймагында болгону айтылат.
"1990-жылы туулган А.М. аттуу жарандын сөөгү табылган. Милициянын ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышты жасоого шектелген кишинин ким экени аныкталып, ал 2004-жылы туулган Б.Ж. болуп чыккан", — деп айтылган кабарда.
Бул иликтөөдөн кийин Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде ("Адам өлтүрүү") иш козголуп, андан соң эл аралык издөө жарыяланган.