ЖКнын экс-кызматкери Ташиевдин атын жамынып 200 миң доллар алган деп кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын мурдагы орун басары 200 миң долларды опузалап алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, аны менен тыгыз байланышы бар экенин айтып ири суммадагы акча каражатын алган.
"Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын мурдагы орун басары К.Б.Ш. жана А.Т.Н. аттуу жарандар бизнес өкүлдөрүнүн биринин ишенимине кирип, УКМК карап жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр 10-октябрь күнү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Ташиевдин атын жамынып BMW X7 жана 210 миң доллар алып кеткен. Шектүү кармалды