БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 14-октябрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас жергесинде +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарын аймагында +11...+16 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +20...+22, Ош шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.