"Интервидение — 2025" сынагында Кыргызстандык Nomad триосу экинчи орунду ээледи. Эл аралык музыкалык конкурс 20-сентябрь күнү Москванын Live Аренасында өтүп, 22 мамлекеттин өнөрпоздору күч сынашты. Бүгүнкү “Стимул” программасында биз дал ушул "Интервидение — 2025" сынагы жана ал жакта Кыргызстанды бүт дүйнөгө даңктаган Nomad триосу тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Nomad триосунун мүчөлөрү Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жооп берди.