Кыргызстанда асыл тукум ат чарбачылыгын өнүктүрүү багытында ири кадамдар жасалууда. Жакында Министрлер кабинети мамлекеттик асыл тукум ат чарбачылыгы холдингин түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул чечим тармактагы ишмердүүлүктү иретке келтирүүгө жана мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Айыл чарба министрлигинин мал чарба, ветеринария жана жайыт бөлүмүнүн башкы адиси Жумабек Мамбеталиевдин айтымында, холдинг түзүлүү менен асыл тукумдук иштер бирдиктүү башкарууга өтүп, ресурстар натыйжалуу пайдаланылат. Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунун илимий кызматкери Канат Иманов болсо, илимий негизде селекция жүргүзүү, генетикалык потенциалды жогорулатуу иштери күчөтүлөрүн белгиледи. Ал эми аталган институттун жетектөөчү адиси Айнура Эргешова өлкөнүн ат чарбачылыгынын спорттук жаатта жетишкендиктерин айтты.