Ошто кытайлык дарыгерлер көз ооруларына акысыз операция жасайт

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ошто кытайлык дарыгерлер көз ооруларына акысыз операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дарыгерлерди кечээ аэропорттон облустук клиникалык оорукананын жетекчилиги тосуп алган.
"Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына "Экспресс ден соолук — жаркын саякат" долбоорунун алкагында Кытайдын көз дарыгерлери келди. Алар Кыргызстандын түштүк аймагындагы катаракта, глаукома оорулары менен жабыркаган 300дөй бейтапка акысыз операцияларды жасашат", — деп айтылган маалыматта.
Чет элдики медиктер өлкөдө 23-октябрга чейин болушары айтылды.
Кыргызстанда "Түндүк" тиркемеси аркылуу эми дарыгерди үйгө чакырууга болот