Көркөмү арткан "Көчө". 53 жыл мурда тартылган фильмден алынган ирмемдер

Мындан 53 жыл мурда кыргыз киносунун куржуну укмуштай сонун тартылган фильм менен толукталган. Тасма жаш режиссер Геннадий Базаровдун колунан чыгып, октябрда бет ачары өткөн эле.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган фильмдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Анын адабий негизин Мурза Гапаров журттан айрылгандардын трагедиясын баяндаган коомдук-социалдык, публицистикалык драма кылып жазган. Бирок сценарий өзгөрүп отуруп, азыркы фильм жаралат.
Мындагы дагы бир өзгөчөлүк – Кыргызстандын театр, кинокорифейлеринин тартылганы. Экрандан Муратбек Рыскуловду, Бакен Кыдыкееваны, Алиман Жангорозованы, Насыр Кытаевди, Советбек Жумадыловду көрүүгө болот. Айтмакчы, бул алп актер Муратбек Рыскуловдун соңку тартылган кинокартинасы болуптур.
Марлес Туратбеков оператор, Төлөгөн Сыдыков экинчи режиссерлук кылып, Ош облусунда эки-үч айда тартылып бүткөн.
Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушу, кылык-жоруктары баяндалган "Көчө" – азыр да көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан кинокартина.
1 / 14

Башкы каармандын ролун аткарган Чоро Думанаевдин тушоосу "Көчө" фильминде кесилген

2 / 14

Кино менен театрдын залкарлары. Солдон оңду көздөй: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев, жаш актрисалар: Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана Насыр Кытаев.

3 / 14

Анда кинорежиссер Геннадий Базаров 30 жашта эле. Сүрөттө актерлор Насыр Кытаев жана Чоро Думанаев менен.

4 / 14

Элеттик кыз-келиндердин ролун аткарган сулуулар. Камеранын берки четинде отурган оператор Мурат Алиев, ортодо жаш актрисаларга баш-көз болгон кинорежиссёр Геннадий Базаров жана алардын артында турган КРдин эл артисти Чоро Думанаев. Ош облусунун Ноокат району, 1972-жыл.

5 / 14

Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Чыгармачыл инсандар элеттик жубайлардын ролун аткарган.

6 / 14

Жаңы көчүрүлгөн айылда жер бөлүшкөн айылдаштар

7 / 14

Тасманын басымдуу бөлүгү Ош облусунун Ноокат районунда тартылган

8 / 14

Иш маалындагы кызыктуу ирмем. Оңдо отурган Геннадий Базаров, ортодо сүрөтчү Сандро Макаров, четте экинчи режиссер Юрий Корякин.

9 / 14

Ортомойдун чарчап келген короозуна суу берген Бакен Кыдыкеева

10 / 14

Түтүктөр менен жамгыр жаадырып керектүү эпизодду тарткан киночулар

11 / 14

"Көчө" фильминде күлкүлүү эпизоддор арбын. Сүрөттө: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов жана Светлана Евдокимова.

12 / 14

Кинокартинаны тартуу иштери эки-үч айда эле соңуна чыккан. Сүрөттө: экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков, Сандро Макаров жана Геннадий Базаров.

13 / 14

Чыгармачыл топтун өзгөчө сүрөтү. Кинофильмдин прьемерасы 1973-жылы 8-октябрда Москва шаарында болгон.

14 / 14

Аталган эмгекти көрүүчүлөр жакшы кабыл алган