БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Палестинанын ХАМАС кыймылы барымтадагыларды дүйшөмбүдөн тарта бошото баштайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Кол коюлган документке ылайык, туткундарды алмашуу сүйлөшүлгөндөй эле дүйшөмбү эртең менен башталышы керек", — деген кыймылдын өкүлү Осама Хамдан "Франс Пресс" агенттигине маек куруп жатып.
Барымтадагылар кайтарылгандан кийин Израиль абагында жаткан эки миңдей палестиналыкты бошотушу керек.
Трамптын планы
Сентябрда Ак үй Газа секторундагы согушту токтотуу боюнча 20 пунктудан турган план жарыялаган. Анда атышууну токтотуу жана 72 сааттын ичинде туткундарды бошотуу каралган.
Планга ылайык, ХАМАС жана "башка топтор" Газаны башкарууга аралашпашы керек. Тынчтыкта жашоону колдоп, курал-жаракты тапшырып бергендерге мунапыс колдонулары айтылган. Мында ЦАХАЛ анклавды басып алууга же аннексиялоого аракет жасабашы кажет.
Израиль премьери Биньямин Нетаньяху планды колдоого алган. Анын айтымында, сунуш максатка ылайык келет. Өкмөт башчы эгер ХАМАС андан баш тартса, "ишти аягына чыгарууну" убадалаган.
ХАМАС Газа секторун башкарууну өткөрүп берүүгө макул болуп, планда камтылган башка маселелер анклавдын келечегине тиешелүү болгондуктан комплекстүү улуттук позиция менен байланышып, эл аралык укукка негизделгенин билдирген. Аталган темалар ХАМАС да кире турган жалпы палестиналык структуралардын алкагында талкууланышы керектиги айтылды.
РФ президенти Владимир Путин Россия эгер Трамптын планы палестин мамлекетинин түзүлүшүн шарттай турган болсо, аны колдоого даяр экенин билдирди.
Атышуунун токтошу
Газа секторундагы атышуу жума күнү токтоду. Ага чейин ХАМАС менен Израиль жаңжалды токтотуу боюнча пландын биринчи фазасын аткарууну макулдашышкан.
ХАМАС барымтадагылардын баарын бошотуп, өлгөндөрдүн сөөгүн өткөрүп бермей болгон, ал эми Тель-Авив аскерин белгиленген чекке кайтарып, түрмөдө кармалып турган, өмүр бою кесилген палестиналыктарды чыгармак.
Ynet порталынын маалыматы боюнча, ЦАХАЛ биринчи этапта анклавдын 53 пайызын көзөмөлдөп, аскерин Газадан чыгарып кетет.
Тараптар макулдашууну аткарарын тастыкташты. Анткен менен Израилдин Башкы штабынын башчысы Эяль Замир армияга окуянын ар кыл өнүгүшүнө даяр турууга буйрук берген.