БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Газадагы согушту токтотуу боюнча саммит 13-октябрь күнү Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында өтөт. Бул тууралуу РИА Новости өлкө башчынын канцеляриясына таянуу менен жазды.
"Тынчтык үчүн Шарм-эш-Шейхтеги саммит" аталышындагы жогорку дңгээлдеги жолугушуу 13-октябрь күнү, дүйшөмбүдө, Египет менен АКШ президенттери Абдель Фаттах жана Дональд Трамптын тең төрагалыгы алдында өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, саммитке 20дан ашуун мамлекеттин лидерлери катышмакчы.
Трамптын планы
Сентябрда Ак үй Газа секторундагы согушту токтотуу боюнча 20 пунктудан турган план жарыялаган. Анда атышууну токтотуу жана 72 сааттын ичинде туткундарды бошотуу каралган.
Планга ылайык, ХАМАС жана "башка топтор" Газаны башкарууга аралашпашы керек. Тынчтыкта жашоону колдоп, курал-жаракты тапшырып бергендерге мунапыс колдонулары айтылган. Мында ЦАХАЛ анклавды басып алууга же аннексиялоого аракет жасабашы кажет.
Израиль премьери Биньямин Нетаньяху планды колдоого алган. Анын айтымында, сунуш максатка ылайык келет. Өкмөт башчы эгер ХАМАС андан баш тартса, "ишти аягына чыгарууну" убадалаган.
ХАМАС Газа секторун башкарууну өткөрүп берүүгө макул болуп, планда камтылган башка маселелер анклавдын келечегине тиешелүү болгондуктан комплекстүү улуттук позиция менен байланышып, эл аралык укукка негизделгенин билдирген. Аталган темалар ХАМАС да кире турган жалпы палестиналык структуралардын алкагында талкууланышы керектиги айтылды.
РФ президенти Владимир Путин Россия эгер Трамптын планы палестин мамлекетинин түзүлүшүн шарттай турган болсо, аны колдоого даяр экенин билдирди.