БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. АКШ бир канча айдан бери Украина Куралдуу күчтөрүнө Россиянын тереңине сокку урууга жардам берүүдө. Бул тууралуу Financial Times жазды.
"Америкалык аткаминердин айтымында, Украина сокку уруучу бутаны тандап, андан кийин Вашингтон ал объектилердин талуу жерлери тууралуу чалгын маалыматтарды берип турчу", — деп кабарланат маалыматта.
Сентябрдын аягында Ак үй башчысынын атайын өкүлү Кет Келлог Дональд Трамп Киевге ыраакка атылуучу курал менен Россиянын тереңине сокку урууга уруксат бергенин билдирген. Ал "кол тийгис жер жок" экенин белгилеп, бирок кеп чабуулга америкалык курал пайдаланылганы тууралуу болуп жаткан-жатпаганын ачыктаган эмес.
Гезиттин маектештеринин айтымында, чалгын маалыматтары "маанилүү объектилерди, мунай иштеткен заводдорго чейин" жарактан чыгарууга жардам берип, ал эми АКШнын Чалгын кызматы Украинага чабуулдун маршрутун, убакыт-саатын мерчемдөөгө көмөктөшкөн.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ Чалгын кызматынан алынган маалыматтарды Украинага берип келгени жаңылык эмес экенин билдирген. Владимир Путин Киев режими жарандык объектилерге сокку урууну көздөп жатканын, бул жаатта чалгын маалыматтары жардам бере албай турганын эскерткен болчу.
Ал эми Украинага АКШнын "Томагавк" ракеталарын берүү ыктымалдыгы тууралуу айтып жатып Путин бул Москва менен Вашингтондун мамилесин начарлатарын белгилеген. Анын айтымында, Россия агрессивдүү аракеттерге жооп кайтарууга даяр, Россиянын абадан коргонуу системасы ATACMS ракеталарына ыңгайлаша алган, эми зарылдык жаралса "Томагавктын" да эбин табат.
РФ ТИМи АКШны жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу багытынан жанбоого чакырып келет.