БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Вашингтон соода-экономикалык талаштарды жөнгө салбагандыктан, Пекин жооп кайтарууга аргасыз болду. Бул тууралуу Кытайдын Соода министрлигине шилтеме кылып РИА Новости билдирди.
Кытай АКШны соода-экономикалык пикир келишпестиктерди жөнгө салууга жана туруктуу өнүгүүнү колдоого чакырды. Антпесе Пекин кызыкчылыктарын коргоого мажбур болот.
Белгилей кетсек, АКШ Кытайга караштуу кемелерге порттук төлөмдөрдү киргизген. Кытай буга жооп иретинде 14-октябрдан тарта АКШ кемелерине атайын порттук жыйым белгилемекчи.
Кытай тарап мындай аракеттер Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине жана Кытай — АКШ деңиз келишимине каршы келерин белгиледи. Пекин буга чейин Вашингтондун чечимине нааразычылык билдирип, маселени диалог аркылуу чечүүнү сунуштаган.